super.kg logo

"Ала-Тоо 24" каналынын журналисти: "Жамаатка айлык берилбей жатат. Кызматкерлер иш таштайбыз дегенге чейин барышууда"

 

"Ала-Тоо 24" каналынын жамаатына айлык акы 15 күндөн бери кечиктирилүүдө. Бул тууралуу каналдын жооптуу редактору Тариэл Чунгулов маалымдады.

"Азыр айрымдары тамак ичерге, жол киреге акчасы жок калышты. Арасында насыя төлөй тургандары банктардын оозун аке-жакелеп эптеп басып келип жатышат. Кызматкерлер митингге чыгабыз, иш таштайбыз дегенге чейин барышууда.

Ушул өкмөт бөлгөн акчаны убагында кызматкерлерге таркатып койгон кыйынбы? Же маселе биздин финансылык бөлүмдөн кетип жатабы бүдөмүк. Илим Карыпбеков маселени айдын башында эле көйгөй жаратпай чечип берем дегендей кылды эле, жарым ай өттү же андан кабар жок. Эл укпасын деп жашырып-жаап, сооротконго деле болбой калды же көчөгө митингге чыкмайынча өлкөдө маселе чечилбей калганбы?" - дейт Чунгулов.

Ошондой эле ал жамаатта жалгыз бой энелер да бар экенин, алар күндө балдарына эмне азык алып барарын ойлонуп, баш катырышарын кошумчалады. Аймактагы журналисттер да маяна менен жашагандыктан жүдөп кетишкенин белгиледи.

КТРК жетекчилиги азырынча бул маселе тууралуу жооп бере элек.

Өткөн жылдын 21-ноябрында да КТРКнын 48 айдоочусу иш таштаган болчу. Алар мындай кадамдарын автотранспорт цехинин директорунун жумуштан себепсиз кеткендиги менен байланыштырган.

КТРКнын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков бул кызматын 19-мартта жаңы директор Жайнак Үсөн уулуна өткөрүп берери маалымдалган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.03.2019. 15:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
21-03-2019 19:33
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баары эле митинг!!! Ошол сөздү таштасанар боло айланайын...
14.03.2019. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-12-2018
Соӊку аракети:
22-03-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Илим жооп беруу керек, жигит болсо созундо туруп чечип берсин 15кун эмес 1кун кечиктирилбей берилсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124185;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: