Бишкекте жана Ошто Нооруз майрамына карата ат оюндары боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Бишкекте жана Ошто Нооруз майрамына карата ат оюндары боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 15-мартта башталып, финалдык оюндар 21-мартта өтөт.

"15-марттан 21-мартка чейин Нооруз майрамына карата көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш сыяктуу улуттук ат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлөт. Мелдеш жогоруда айтылган күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында орун алат. Байге фонду Бишкек шаары үчүн 1 миллион 450 миң, ал эми Ош шаарындагы оюндар үчүн 400 миң сомду түзөт. Ат оюндарын уюштуруу үчүн өлкө казынасынан 3 миллион 950 миң сом бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан