Ош облусунун Өзгөн районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алды. Мындай маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-март күнү эртең менен 08:30 чамасында Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында болгон. Анда аталган айылдын тургуну С.Н. өзүнүн Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаасы менен Жалал-Абад шаарына бара жатып, карама-каршы келе жаткан Дэу Тико унаасы менен сүзүшкөн. Мындан улам Дэу Тико унаасындагы 3 жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Учурда Өзгөн РИИБи бул кырсык боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.