Тажикстандык басылмалар Кыргыз-Тажик чек арасындагы бүгүнкү чырдан дагы бир жаран каза болгонун, андан тышкары эки жаран жаракат алганын жазышууда.
Asia-Plus басылмасынын Ворух анклавынын тургундарынын маалыматына таянып жазганына караганда, атылган октон Тажикстандын 37 жаштагы Рафоиддин Тешаев аттуу жараны каза болуп, бир адам октон, экинчи адамга таш тийип жаракат алышкан. Экөө тең ооруканага жеткирилген.
Asia-Plus буга чейин кечээки чыр учурунда дагы 1 киши каза болуп, 20 адам жаракат алганын жазган.
Бүгүн, 14-март күнү чек арадагы чыр учурунда Баткен РИИБинин кызматкери Тажикстан тараптан атылган октон жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Мамлекеттик чек ара кызматы саат 16:10 чамаларында Кыргыз-Тажик чек арасында абал кайрадан курчуп кеткенин, Ак-Сай айылынын Бакай аймагында чогулгандардын бири-бирине таш ыргытуусунан бир адам жаракат алганын билдирген болчу.
Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон. Бул маселе боюнча бүгүн өлкө башчы Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушууда үн каткан жок.