super.kg logo
  Саясат  

Саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев: "Чек ара боюнча ишти өкмөт так аткарганда мындай талаш-тартышка жол бербейт элек"

 

13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок да атылган. Октон бир жаран жаракат алып ага операция жасалды. Ал эми эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусунан 5-6 адам жаракат алганы, Таш-Тумшук аймагында Кыргыз өлкөсүнүн жаранына таандык болгон 1 үй, 1 Ауди үлгүсүндөгү автоунаа жана КамАЗ жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөлгөнү белгилүү болду. Өз кезинде Тажикстандын маалымат каражаттары ал тараптан бир адам ок тийип каза болгонун, таш тийип 20 чакты жаран жаракат алганын жазды.

Бүгүн саат 16:10до чек арада абал кайра курчуп, өлкөнүн дагы бир жараны жаракат алды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр атайын уюштурулган болушу мүмкүнбү? Жаңжал кимдин кызыкчылыгына дал келет?" деген соболуна саясат жана аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев жооп берди.

Ал чек арадагы маселени чечүүгө өкмөт милдеттүү экенин баса белгиледи.
"Чек арадагы маселелерди чечүүдө өкмөттүн Конституция боюнча укугу, милдеттемеси бар. Келишим боюнча Тажикстан менен делимитация болбогон жерлерге чек коюп, бир нерсе курганга, пайдаланууга тыюу салынган. Биздин жол куруучулар талаш-тартыш болгон жерге тийип өткөнүн көргөн тажик эли "ал жер биздики" деп жанагындай жолго барып жатышат. Түштүктө чек ара маселеси өлкөнүн түндүк аймагындагы чектешкен жерлерге окшош эмес, ал жерде эл жыш жашайт. Алар ар бир сантиметрди көзөмөлдөп карап турушат. Ошондуктан жол салып жаткандар өкмөттүн келишимине ылайыктап, Тажик өкмөтү менен сүйлөшүүсү керек эле. Андан кийин жергиликтүү эл менен тааныштырганда мындай чыр болмок эмес. Жолду биз салып жаткандан кийин ал жол бизге керек. Бүгүнкү күндө өкмөт ишти так аткарганда мындай талаш-тартышка жол бербейт элек", - деди эксперт.

Саясатчы Адахан Мадумаров, мурдагы элчи Кылычбек Султан, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124229;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: