Кыргыз жөө күлүктөрү Гонконгдо өтүүчү Азия чемпиондугуна катышат

Кыргыз жөө күлүктөрү Гонконгдо өтүүчү Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматта жеңил атлетика боюнча кадеттер арасында курама кошуундун мүчөлөрү 2002-2003-жылы туулган спортчулар арасында Азия чемпиондугуна катышары жөнүндө айтылат. Мелдеш 15-марттан 17-мартка чейин Гонконг (Кытай) шаарында өтөт. Жөө күлүктөр Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 408 миң сом каралган.

Азия чемпиондугуна катышуу үчүн төмөнкү спортчулар жөнөтүлдү:

1. Ева Кадырова

2. Сабина Батаджиева

3. Айнуска Калил кызы

4. Юлия Каплунова

5. Андрей Самоловов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан