Швециялык мектеп окуучусу "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү

Швециялык мектеп окуучусу "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы мектеп окуучусу Грета Тунбергди аталган сыйлыкка көрсөтүү демилгесин Швециянын парламентиндеги Солчулдар партиясынын өкүлдөрү көтөрүп чыгып, норвегиялык саясатчылар да колдоого алышкан.

"Мындай сыйлыкка көрсөтүлгөнүм мен үчүн абдан жагымдуу болду. Бир тараптан ишене албай турсам, бир тараптан таң калып турам", - деп билдирген Грета Тунберг.

Тунберг жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн өткөн жылдын август айында бурган. Мектеп окуучусу парламенттик имараттын алдына жалгыз митингге чыгып, швед бийлиги Париж келишиминин шарттарын толук аткармайынча мектепке барбай тургандыгын билдирген. Ал ачык абага зыяндуу заттарды чыгарууну токтотуп, глобалдык жылуулануунун алдын алыш керектигин айткан.

Мындан сырткары 16 жаштагы окуучу климат маселелери боюнча БУУнун конференциясында баяндама жасап, Швейцариянын Давос шаарында өтө турган Дүйнөлүк экономикалык форумга чакыруу алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kanat.tls
2019-03-15 09:35:19
Пиар. Нобелди ала албай жүргөн мыктылар канча.
+1
Spartak0001
2019-03-15 09:56:57
"Мектеп окуучусу парламенттик имараттын алдына жалгыз митингге чыгып, швед бийлиги Париж келишиминин шарттарын толук аткармайынча мектепке барбай тургандыгын билдирген"
Мектепке барбай койгонум үчүн сыйлык алуу менин да бала кездеги кыялым болчу)))))
+3
bond02
2019-03-15 11:26:33
Аа мен дагы бир нерсе ойлоп тапкан экен депмин, андай болсо биздикилердин кобу эле жазда Нобель сыйлыгын ала бермек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан