super.kg logo

Жаңы Зеландиядагы эки мечитке кол салуу болду. Каза болгондордун саны 49га жетти, 50 адам жарадар болду, 20сынын абалы оор

 
Брентон Таррант - кылмышка шектелип кармалгандардын бири.

Жаңы Зеландиядагы эки мечитке кол салуудан 49 адам каза болуп, ок тийип жаракат алгандардын саны 50 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып жатат.

Окуя Жаңы Зеландиянын түштүк тарабындагы Крайстчерч шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан 2 мечитте түшкү намаздан кийин орун алган. Автоматчан киргендер мечиттеги адамдарга ок чыгарган.

"Жаңы Зеландиянын полициясынын башчысы Майк Буш ооруканаларга 50гө жакын адам жеткирилгенин жана 20 адам оор абалда болуп жатканын билдирген. Кол салуу болгон учурда мечиттерде жүздөгөн адамдар болгон. Кылмышка шектелип 3 эркек жана 1 аял кармалган, кийин алардын биринин бул окуяга тиешеси жок экени аныкталды. Кармалгандардын бири 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант. Ал мечиттин ичинде адамдарды аткылаганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 17 мүнөттүк түз эфир менен көрсөткөн. Ошондой эле видеонун алдына мындай кадамга эмне себептен баргандыгын түшүндүргөн манифест жарыялаган.

Крайстчер шаарынын көчөлөрүнөн жана супермаркеттерден колго жасалып унаага коюлган жардыруучу заттар табылган. Полиция Данидин шаарындагы мечитти тыкыр көзөмөлгө алды, себеби Таррант ал мечитке да кол салуу болорун өзү жарыялаган 74 барактан турган манифестте белгилеген", - деп айтылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.03.2019. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
334
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
15-03-2019 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жайлары Жаннаттан болсун!.Жаман окуя болгон экен.
Ойлондурчу нерсе,мусулмандарга кол салуу болгон учурларда,кылмышкерлердин динине,эркек аял экенине кобу маани бербейт,бирок мусулман адам кылмыш кылса,террорист делип,ислам динине,мусулманчылыка жаман создор айтылат
15.03.2019. 20:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
09-06-2015
Соӊку аракети:
23-03-2019 20:09
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жазанды Аллах берсин донуз!!!!
15.03.2019. 21:46 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
06-03-2019
Соӊку аракети:
26-03-2019 21:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайды кантип аташ керек бул деле терарис да,же мусурмандар кылмыш кылсале терарис деш керекпи, Москва да кокустан фанатарды сузуп кеткен кыргызды канча текшерди терарис дешип,олгондорго Аллах озу ырайым кылсын,кылмыш кылган тераристти Аллах озу жазаласын
16.03.2019. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-03-2019 15:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Jeenbek.,террор деп эле айтыватышат,российский жанылыктарда. Шыйрактан бойрок чыгарбагылачы. Бут жанылыктарда орустардын террор деп ацтып жатышат
16.03.2019. 08:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
26-03-2019 22:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
Терористтин дини болбойт.
16.03.2019. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
05-08-2018
Соӊку аракети:
26-03-2019 19:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Олуп кеткир айбан жазанды берсин канча адамдын убалына калдын .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124363;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: