Чемпиондор Лигасы: "Барселона" - "Манчестер Юнайтед", "Тоттенхэм" - "Манчестер Сити". Чейрек финалда беттеше турган жуптар аныкталды

Бүгүн, 15-мартта Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өткөн командалардын арасында чүчү кулак ташталды.

Чүчү кулактын жыйынтыгы менен төмөнкү жуптардын беттеши орун ала тургандыгы белгилүү болду:

"Аякс" (Голландия) – "Ювентус" (Италия)
"Ливерпуль" (Англия) – "Порту" (Португалия)
"Тоттенхэм" (Англия) – "Манчестер Сити" (Англия)
"Барселона" (Испания) – "Манчестер Юнайтед" (Англия)

Аталган жуптар өз үйүндө жана конокто беттеш өткөрүп, 2 оюндун жалпы жыйынтыгы менен жеңүүчү болгон команда кийинки этапка өтөт. Алгачкы беттештер 9-10-апрелде, жооптук беттештер 16-17-апрелде орун алат.

Мелдештин финалы 1-июнь күнү, Мадрид шаарындагы "Ванда Метрополитано" стадионунда өтөт.

Буга чейин, айрым маалымат булактары УЭФАнын директору чүчү кулактын жыйынтыгын алдын ала жарыялап алып, кайра интернет бетинен өчүрүп салганын жазышкан. Андагы маалыматка ылайык, мелдештин чейрек финалында "Ливерпуль" – "Аякс", "Ювентус" – "Порту", "Манчестер Юнайтед" - "Тоттенхэм", "Барселона" - "Манчестер Сити" командалары беттешмек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Modric10
2019-03-15 18:12:27
Барса Юнайтедди женсе Ливерпуль менен Портунун женгенине туш болот.чучу кулак эми болбойт экен.жарым финалга чыга тургандар белгилуу болду
0
Kylym.85
2019-03-15 19:02:29
Modric10,Ливерпуль Портуну андан кийин Барсаны да талкалайт
+5
Modric10
2019-03-15 19:43:11
Kylym.85,оюн корсотот
0
Edil2991
2019-03-15 20:16:38
Modric10,Барсаны талкалайт го МЮ.
-2
Jeenbek.
2019-03-15 19:04:47
Ювентус ка ийгилик, Криштианодон дубль
+3
Nurgazy80
2019-03-15 20:01:01
Аякстын жаш оюнчуларына ийгилик каалайм. Коркпой ойношот экен.
+3
gulzat91
2019-03-15 22:47:56
Манчестер Ситиге ийгилик!
+2
Elzar-kj
2019-03-15 23:42:47
Ювентус буйруса чемпион
0
arushka13
2019-03-16 00:55:24
Ливерпуль алга!!!
+1
Akmatov030
2019-03-16 01:00:45
Ювентус Ливерпуль финал
0
oshmu
2019-03-16 09:10:28
Барсаааааааа. жеңиш биздики
+2
nemo2016
2019-03-16 10:30:19
Барса десем кээ биролордун духу тушуп минус басат
0
Nurik1988
2019-03-16 11:04:25
Барса, чемпионго буйруса
0
Bale1111
2019-03-16 16:22:49
Барса чемпион боло албайт
-2
Zamirbekkg
2019-03-18 00:14:49
Bale1111,барса болбосо анда реал болобу
0
Bale1111
2019-03-18 23:44:15
Zamirbekkg, Ювентус же ман Сити түшүндөгү жомокту жаза берет экенсиң Реал Мадрид ойнобосо каякта чемпион болот эле
0
Zamirbekkg
2019-03-18 00:15:36
Финалда Ювентус барса болсо экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан