super.kg logo

"Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин өкүлү Амантур Жамгырчиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына сурак берип чыкты

 

Бүгүн, 15-мартта "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин өкүлү Амантур Жамгырчиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына сурак берип чыкты. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалым болгондой, Жамгырчиев суракка саат 14:30да чакыртылган болсо, мекеменин ичинде 19:00гө чейин болуп чыкты. Жолдубаеванын айтымында, Жамгырчиев 18-мартка дагы аталган мекемеге чакыртылды.

Аталган бирикменин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев да Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына барганы маалым болду.

Мээрбек Мискенбаев жана Амантур Жамгырчиев ушул жылдын январь айында бир нече ирет Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан суракка алынган. Мекеменин берген маалыматына караганда, алар материалдык жардам катары берилген каражатты тартып алууга шектелүүдө. Тактап айтканда, 2018-жылы "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү аталган мекемеге кайрылып, бирикменин мурунку жетекчиси М.М. социалдык жардам катары бөлүнгөн акча каражатты мыйзамсыз тартып алганын билдиришип, ага чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Чогултулган материалдарга ылайык, бирикменин жетекчиси жана анын орун басары "Т." ААКсы жардам катары берген 2 миллион сомдон ашык акчага бааланган көмүрдүн акчасын бирикменин өкүлдөрүнө бөлбөй, өздөрү тартып алганы аныкталып Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
124229;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: