Орусиянын ырчысы Юлия Началова 38 жашында каза болду

Орусиянын ырчысы Юлия Началова 38 жашында каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ырчы 11-мартта Москвадагы ооруканалардын бирине оор абалда келген. 16-мартта анын бутуна операция жасалып, абалы оорлошуп, кома абалында жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткырылган. Айрым басылмалардын маалыматы боюнча, абалынын оорлошуп кеткенине анын буга чейин төшүн чоңойтуу үчүн жасаткан пластикалык операциясы себеп болгон. Бул операция кандын бузулушуна алып келген. Ал эми кээ бир маалымат каражаттары Началова көп жылдар бою кант диабети, муун оорусунан (подагра) да катуу жапа чегип келгенин жазышууда. Ырчынын атасы кызынын өлүмүнө катуу абсцесс (ириңдөө) себеп болгонун билдирди.

Юлия Началова 1992-жылы "Утренняя звезда" сынагын жеңип алып, ырчылык карьерасын баштаган. Үч жылдан кийин "Ах, школа, школа" деген биринчи альбому жарык көргөн. Анын соңку клиптеринин бири "Я выбираю" өткөн жылы чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aza17
2019-03-17 10:40:55
'
-2
Nur777
2019-03-17 14:21:26
Пусть земля будет пухом..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан