Кожоюнунун абалы начарлап кеткенде жакындарына айтып, жаныбары менен коштошуу үчүн аны ооруканага алып келүүсүн суранган. Туугандары Тотону ооруканага алып келип кожоюну менен жолуктурган. Көп өтпөй бейтап каза болуп калган, Тотону көз жумган адамдын жакындары алып кетүү аракетин көрүшкөнү менен ал ошол жерден кетпей койгон. Анын ооруканадан кетпей жатканына бир жумадан ашып калганы менен, адамдарга карата агрессивдүү эмес, өзүн сылап, эркелеткендерди жактырат. Мындан улам жергиликтүүлөр аны итке жакшы кам көрө алгандар багууга алса деген тилектерин билдиришкен. Антпесе ал кайра ооруканага качып келүүсү мүмкүн.