Бишкек шаарындагы "Ак кула" ат майданында, Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат. Мелдешке катышкан жалпы 31 команда рейтингине жараша биринчи жана Жогорку лигага бөлүнгөн.
Бүгүн, 17-мартта биринчи лигада ойноо укугун алган 25 команданын ичинен чейрек финалга чыккан 8 команда аныкталды. Алар: "Кара-Ой", "Алкан Ата", "Казарман", "Илбирс", "Кабылан", "Келечек", "Кыраан" жана "Соң-Көл" командалары болду.
Жарым финалга чыгуу укугу үчүн "Кара-Ой" - "Алкан Ата", "Казарман" - "Илбирс" беттештери бүгүн орун алса, "Кабылан" - "Келечек", "Кыраан" - "Соң-Көл" беттеши эртең, 18-мартта болот.
Ал эми Жогорку лигага 6 команда өтүп, чүчү кулактын негизинде 2 тайпага бөлүндү. А тайпасына "Ынтымак", "Бакубат-Талас" жана "Төш-Булак" командалары туш келсе, В тайпасында "Четинди", "Көк-Жал" жана "Достук" командалары беттешет.
Тайпалык баскычтын алкагында бүгүн "Ынтымак" - "Бакубат-Талас" жана "Четинди" - "Көк-Жал" беттештери орун алат.
Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдеш 21-мартка чейин уланып, көк бөрүдөн сырткары эр эңиш, ат чабыш сыяктуу улуттук ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин жалпы байге фонду 1 миллион 450 миң сомду түзөт.