Токмокто жергиликтүү кеңештин депутаты бычакталып каза болду

Токмок шаарында мушташтан 1 адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы шаардын тургуну кармалды.

"17-мартта болжол менен 3:05те Токмок шаардык Ички иштер бөлүмүнө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү адам бычактан жаракат алып каза болгондугун аныкташкан.

Сотко чейинки өндүрүш иштери учурунда каза болгон адам 30 жаштагы жергиликтүү кеңештин депутаты С.Т. экендиги белгилүү болду. Мындан сырткары, ошол эле күнү 30 жаштагы Ш.Т. бычактан жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат келип түштү. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда айтылган кылмыштарга шектелип, 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринде бир нече адамдын арасында мушташ чыккан. Жыйынтыгында бир адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилген.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүштүк иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ruslanz
2019-03-18 12:41:55
Токмокту криминалдуу шаар деген чын окшойт. Милиция,бажы,депутат ж.б катышкан кылмыштарды коп угабыз.
+4
elchi84
2019-03-18 17:50:48
Депутаттар эл учун иштеп жатышат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан