Ош шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште жарым финалга чыккан командалар аныкталды

Нооруз майрамына карата Ош шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин тайпалык баскычы жыйынтыкталды.

Регламентке ылайык, мелдешке катышкан 12 команда 4 тайпага бөлүнүп, өз ара беттештерди өткөрүштү. Жыйынтыгында ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү - "Жаштык", "Ноокат-1", "Ынтымак" жана Өзгөн курама командасы жарым финалга жолдомо алды.

Беттештердин жыйынтыктары:

1-тур
"Жаштык"-"Кара Шоро" - 2:1
"Ноокат-1"-"Көк-Бел" - 5:2
"Ынтымак"-"Лангар" - 7:2
Өзгөн курама командасы-"Араван РИИБи" - 15:2

2-тур
"Кара Шоро"-"Ийри-Суу" - 4:5
"Көк-Бел"-"Салам-Алик" - 0:2
"Лангар"-"Бүркүт" - 7:1
"Төлөйкөн"-"Араван РИИБи" - 3:0.

3-тур
"Жаштык"-"Ийри-Суу" - 5:3
"Ноокат-1"-"Салам-Алик" - 9:4
"Ынтымак"-"Бүркүт" - 3:0
Өзгөн курама командасы-"Төлөйкөн"- 15:1

Жарым финал 19-мартта өтүп "Жаштык"-"Ноокат-1" жана "Ынтымак"-Өзгөн курама командасы беттештери орун алып, жеңишке жетишкен командалар 21-мартта финалда кез келишет. Мелдештин жалпы байге фонду 400 миң сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erjigit-e.15
2019-03-19 10:42:02
Озгон курама командасына ийгилик. Кара-Шоро командасы жакшы ойнопсунар. Салам-Алик командасы азаматтар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан