Көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги: Биринчи Лиганын жарым финалчылары белгилүү болду

Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги өтүп жатат. Бүгүн, 18-мартта Биринчи Лиганын чейрек финалынын алкагында жыйынтыктоочу 2 беттеш орун алды.

Жарым финалга чыгуу укугу үчүн "Кабылан" - "Келечек" жана "Кыраан" - "Соң-Көл" командалары ат салышып, 4:3 эсебинде "Келечек", 3:1 эсебинде "Соң-Көл" командалары жеңишке жетишти. Буга чейин мелдештин жарым финалына "Алкан Ата" жана "Казарман" командалары өткөн.

1/2 финалдык беттештер эртең, 19-мартта орун алат. Анда "Алкан Ата" - "Казарман" жана "Келечек" - "Соң-Көл" командалары беттешет.

Мындан сырткары бүгүн Жогорку Лиганын тайпалык баскычында "Төш булак" - "Бакубат Талас" жана "Достук" -"Четинди" оюндары өттү. "Бакубат Талас" командасы 9:0 эсебинде жеңишке жетсе, "Достук" командасы 22:1 эсеби менен атаандашын утуп алды.

19-мартта Жогорку Лигада "Төш-Булак" - "Ынтымак" жана "Достук" - "Көк-Жал" командаларынын беттеши орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2019-03-18 19:47:38
Финалда 21-мартта дагы деле эль классико болот экен да деп койдум Достук-Ынтымак ...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан