ММА мушкери Барчынай Узгенбаева SportBeauty-2019 аталышындагы спортчу кыздардын дүйнөлүк сулуулар сынагына катышууда. Бул тууралуу мушкер SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, бул сулуулук сынагы алгачкы жолу өтүп жатат. Ошондой эле конкурска спорттон ийгиликке жеткен мушкер кыздар катыша алышат.
Сынактын 1-2-туру Чеченстанда өтүп, ал эми финал 2-апрель күнү Крымдагы Ялта шаарында болмокчу.
"Сынакка кыздар уюштуруучулар тарабынан тандалган. Алгач сүрөткө, видеого тартылып, аскердик чеберчилигибизди көрсөттүк. Мисалы, курал кармап ок аттык. Мен өзүмдү татыктуу көрсөтө алдым. Алдыдагы финалга дагы даярдыктар жакшы. Ошондой эле катышуучуларга интернет аркылуу да добуш берүү каралган. Финалда биз кадимкидей эле улуттук кийимди, кече көйнөгүн жана спорттук форма киебиз. Ошондой эле бийлеп, өнөрлөрүбүздү тартуулайбыз", - деди Узгенбаева.
Барчынай Узгенбаева грэпплинг боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси. Панкратион боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону.
.