"Элдик парламенттин" мүчөсү Толубай Колубаевден "бийликти күч менен басып алуу" айыбы алып салынды

"Элдик парламенттин" мүчөсү Толубай Колубаевден "бийликти күч менен басып алуу" айыбы алып салынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Колубаевдин жаза өтөө мөөнөтү кыскарды. Соттолуучуга карата коюлган экинчи, 299-берене (улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу) боюнча жаза ошол бойдон калды. Анын 5 жыл жаза өтөө мөөнөтү калды.

SUPER.KG порталына саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев билдиргендей, жакында Толубаевди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралат.

2016-жылдын май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. 2017-жылдын август айында Биринчи Май райондук соту “Элдик парламенттин” 5 мүчөсүнө карата өкүм чыгарып, Бекболот Талгарбеков менен Толубай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилип, ал эми Тойгонбек Калматов 5 жылга, Александр Гусев 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Быйыл 7-мартта Бекболот Талгарбеков шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан