Жактоочу "Супер-Инфо" боюнча: "Жаңы кодекске ылайык текшерүүчү кандайдыр бир текшерүүлөрдү дайындоого укугу жок"

"Текшерүүчүнүн салык төлөө боюнча жүргүзгөн текшерүүлөрү негизсиз жана мыйзамсыз" деп бүгүн, 19-мартта "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйында жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"2019-жылдын январь айынан тарта жаңы кодекстер күчүнө кирген. Анда мурунку Жазык кодекси менен Жоруктар кодексине бөлүнүп кеткен. Финполдо каралып жаткан арыз Жазык кодекси менен эмес, Жоруктар кодекси менен болуп жатат. Бул кылмыш иши эмес, бул жорук. Анда Жоруктар кодекси боюнча тергөөчү сыяктуу кандайдыр бир текшерүүлөрдү дайындоого укугу жок. Андай ыйгарым укук Кылмыш-жаза кодекси менен көрсөтүлгөн эмес.

Жоруктар кодексинин 113-беренесинин негизинде кимге зыян келтиргенин текшериши керек. Компания "Супер-Инфонун" өзүнөбү же арыз жазган адам Т.Насыкуловго зыян келтирилгенби ошону аныктоо керек болчу. Бирок ал жагдайды алгач текшерүүчү карабай, бул жерде салык төлөгөнбү же төлөгөн эмеспи деген суроо болуп жатат. Салык төлөбөгөн бул Жазык кодексине киргендиктен алгач текшерүүчүнүн мындай текшерүү кылууга укугу жок. Буга байланыштуу биз алгач текшерүүчүнүн аракеттери негизсиз жана мыйзамсыз деп сотко кайрылганбыз", - деди Токтакунова.

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) кайрадан суракка чакырылды. Буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышкан.

Жактоочу "Супер-Инфо" боюнча: “Текшерүүчү кандайдыр бир текшерүүлөрдү дайындоого укугу жок”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан