"Алай" клубунун орусиялык команда менен өткөн жолдоштук беттеши мушташ менен аяктады

Учурда Түркияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жүргөн "Алай" футболдук клубу 18-мартта Орусиянын "Торпедо" клубу менен беттешти.

Жолдоштук беттештин алгачкы 45 мүнөтү 0:0 эсеби менен жыйынтыкталып, 2-таймдын алгачкы мүнөтүндө бурчтан чыгарып берүүнү ийгиликтүү аткарган алайлыктар эсеп санын ачты. 10 мүнөттөн кийин орусиялык команданын оюнчулары эсеп санын теңей алышты. Көп өтпөй "Алайдын" оюнчусу гол жаратып, командасын кайрадан алдыга алып чыкса, 86-мүнөттө кайрадан эсеп саны теңелди.

Оюндун аягында "Алайдын" оюнчусу Давлят Баратов менен "Торпедонун" оюнчусу Константин Кертановдун топ талашуусунун натыйжасында орус футболчусу жыгылып калды. Натыйжада эки команданын ортосунда чыр чыгып, калыс беттешти токтотту.

"Атаандаштын 20-номердеги оюнчусу жаңы гана жараатынан айыккан Кертановду жыгылтты. Мен ага болушам деп жатып, ортодо чыр чыгып кетти. Биздин оюнчулардын баары аман-эсен. Беттештен кийин алардан 2 мүнөт аз ойноп калгандыгыбыз үчүн кечирим сурадым", - деп беттештен кийин "Торпедонун" коргоочусу Андрей Лях орусиялык клубдун расмий баракчасына чыр тууралуу билдирген.

"Алай" өткөн сезондогу футбол боюнча өлкө кубогун жеңип алган. Ал эми чемпиондуктун алкагында 60 упай топтоп, күмүш медалга татыган.

"Торпеда" клубу Орусиянын чемпиондугунун 2-дивизионунда ойноп келет. Аталган клуб өткөн жылдын жыйынтыгы менен 6-орунга татыган.

"Алай" клубунун орусиялык команда менен өткөн жолдоштук беттеши мушташ менен аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
suban78
2019-03-19 22:48:10
Урушту же Бакиев же Атамбаев атайын уюштурган. Же Акаев болушу да мумкун.
-2
Altyn10076
2019-03-20 08:54:59
suban78,Омей 120 ХХХХ да бар деп атышкан ишенбесен сурап кор?????
0
admin_portal
2019-03-20 10:29:56
Altyn10076, этика нормаларын сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан