Көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги: Жогорку Лиганын финалында "Ынтымак" жана "Достук" командалары беттешет

Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги өтүп жатат. Бүгүн, 19-мартта Биринчи Лиганын жарым финалына чыккан командалар беттешти.

Финалга чыгуу укугу үчүн "Алкан Ата" - "Казарман" жана "Келечек" - "Соң-Көл" оюндары орун алды. 8:2 эсебинде "Алкан Ата", 7:6 эсебинде "Келечек" командалары жеңишке жетишип, Биринчи Лиганын алтын байгесин талашмай болушту.

Мындан сырткары бүгүн Жогорку Лиганын тайпалык баскычында "Төш булак" - "Ынтымак" жана "Достук" -"Көк Жал" оюндары өттү. "Ынтымак" командасы 18:7 эсебинде жеңишке жетсе, "Достук" командасы 16:6 эсеби менен атаандашын утуп алды. Жыйынтыгында А тайпасында жеңүүчү аталган "Ынтымак" командасы менен В тайпасынын лидери "Достук" командасы беттешмей болду.

Эртең, 20-мартта 2 лиганын коло медалдары үчүн беттештер өтөт. Биринчи Лиганын коло медалы үчүн "Казарман" жана "Соң-Көл" командалары кез келсе, Жогорку Лиганын коло медалын "Бакубат Талас" менен "Көк-Жал" командалары талашат.

Финалдык беттештер 21-мартта өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Syimyk.isaev
2019-03-19 19:36:53
Достук утса экен!
+1
Syimyk.isaev
2019-03-19 19:37:17
1 Лиганы келечек утса.
0
Mister-X
2019-03-19 20:15:22
Биринчи лига менен Жогорку лиганын кандай айырмасы бар?
-3
FCB14
2019-03-19 22:14:36
Ош. Достук Алга
+3
asdef
2019-03-19 22:44:02
Баягы эле Эль Классико)))
+4
JENTLEMAN
2019-03-20 00:41:43
Ынтымакка ийгилик, ДОСТУККА жеңиш каалайбызбы.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан