Саясат таануучу Игорь Шестаков: "КСДПга байланыштуу кырдаалды партиялык системдеги саясий абсурд болуп жатат десек болот"

КСДПнын өзүн расмий оппозициялык партия атаганы коомчулукта талкуу болуп жатат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон өтүп аталган партиянын тизмеси менен куралган КСДП фракциясы бийликтин көз карашын карманган көпчүлүк коалицияда. Партия оппозицияда болгон учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын кадамдары кандай болгону туура?

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керекпи?" деген соболуна саясат таануучу Игорь Шестаков жооп берди.

Ал КСДП фракциясы шайлоого чейин көпчүлүк коалицияда калышы мүмкүн деген пикирин айтты.
"Буга чейин деле КСДП бир канча партизандык отряддарга бөлүнүп калганын айткан элем. Бизге "КСДПсыз КСДП" деген отряд эле жетишпей жатат. Азыркы кырдаалды партиялык системдеги саясий абсурд болуп жатат десек болот. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Партия өзүн оппозициялык деп атагандан кийин фракциядагылар эми эмне болот? Кезектеги отряддын бири болот. Алар Алмазбек Атамбаев жетектеген партиядан көз каранды болбой, өзүнчө партияданбыз деп ойлоп жатышса керек. Фракциядагылар кийинки шайлоого чейин жүрө беришет, бирок андан кийин кандай кылышары түшүнүксүз. 2015-жылдагы бирдиктүү партия жок. Азыр ич ара чыр болуп жатканын көрүп жатабыз", - деди Шестаков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Исхак Масалиев, Ирина Карамушкина, Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, Алмамбет Шыкмаматов жана КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан