Жашоочулары эң бактылуу өлкөлөрдүн сап башын Финляндия ээледи. Мындай изилдөөнү World Happiness Report 2018 БУУнун тапшырыгы менен ишке ашырып, жыйынтыгын жарыялады. Жашоочулардын бактылуулук деңгээли калктын санына жараша ички дүң продукциянын көлөмү, өмүрүнүн узактыгы, мамлекет тарабынан социалдык колдоолор, жашоого болгон тандоо укуктары, марттык жана ишеним (коррупциянын деңгээли) сыяктуу критерийлер менен ченелген.
Аталган тизмеде алдыңкы ондукта Финляндиядан кийин эле Норвегия, 3-орунда Дания турат. Кийинки саптарда Исландия, Швейцария, Нидерланды, Канада, Жаңы Зеландия, Швеция жана Австралия турат.
Ал эми Кыргыз өлкөсү бул изилдөөдө 92-сапка жайгашкан. Коңшу мамлекеттердин ээлеген ордуларына кайрылсак, Өзбекстан 44-орунду ээлесе, Казакстан 60-орунда, Тажикстан 80-орунда жайгашкан.
Ал эми Орусия 59-орунду ээлеген.
Акыркы үчилтикте 154-орунда Түштүк Судан, Борбордук Африка Республикалары 155-орунда жана эң акыркы 156-сапта Бурунди жайгашкан.