Президенттик кызматтан кеткен Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарыга Назарбаева Казак парламентинин жогорку палатасына төрайым болуп шайланды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.
Жаңы төрайымды шайлоо парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевдин расмий түрдө президенттик кызматка киришкени менен байланыштуу болду.
Дарыга Назарбаева учурда 55 жашта. Ал 2016-жылдын сентябрында өлкө парламентинин жогорку палатасына депутат болуп шайланып, Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеп келген. Ага чейин да парламенттин төмөнкү палатасына депутат болуп келип, палатанын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта казак элине атайын кайрылуу жасап, өзү президент катары ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялаган.
Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин үч маанилүү кызматын сактап калат. Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзам ага өлкөнүн биринчи президенти жана улуттун лидери катары Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин башкарганга укук берет. Мындан тышкары ал бийликтеги башкаруучу "Нур Отан" партиясынын лидери, Конституциялык кеңештин мүчөсү.