Нарында Нооруз майрамы театралдаштырылган оюн-зооктор менен коштолду

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы. Нарын шаарында майрам ɵзгɵчɵ маанай менен белгиленди. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин ɵзгɵрүүсүнɵ карабай шаардын борбордук аянты майрам шаӊына бɵлɵнүп, элдин агымы кɵп болгон. Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаранын расмий бɵлүгүн ачкан Нарын калаасынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардын элин куттуктады.

"Майрамдык шаң Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын, Жумамүдүн Шералиев атындагы искусство мектебинин, Нарын шаардык жана райондук маданият бɵлүмдɵрүнүн, ошондой эле студенттердин, окуучулардын аракети менен даярдалып театралдаштырылган оюн-зоок менен кɵркүнɵ чыкты", - деди маалымат кызматы.

Мындан тышкары Нарын шаарынын борбордук аянтында улуттук тамак-аштардын кароо-сынагы ɵткɵрүлүп, "Ала-Тоо" стадионунда майрам улуттук оюндар менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан