Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги Таластын "Ынтымак" командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды. Аталган команда Ош облусунун "Достук" командасын 6:1 эсеби менен жеңип, 3-жыл катары менен мыкты аталышты.
Бүйүр кызыткан беттешти көрүүгө келген күйөрмандар ат майданына батпай калышты. Мындан улам айрым күйөрмандар бак-дарактардын үстүнө чыгып алып, өз командасына жан тартса, айрымдар унаалардын үстүнөн, трибунанын кырларынан оюнду көрүп жатышты. Эч бир жерден орун таппай, көзү менен улуттук оюнду көрө албаса да, ат майданынын сыртынан кулак түрүп, беттештин жүрүшүн тыңшап турууга кайыл болгондор да кездешпей койгон жок.
Беттештин орто ченине жакындап калган учурда, оюндун баяндамачысы сырттагы унаалардын биринде бала ыйлап жатканын айтып, аны камап койгон ата-энесине издөө салды. Бөбөк элдин баары көрүп жаткан көк бөрүдөн куру калганына арданып ыйлаган чыгар.
Оюндун соңунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев баш болгон аткаминерлер чыгып мелдешти көрүүгө келген жалпы күйөрмандарды, катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттукташты. Ипподромдо кысылган эл алардын куттуктоосуно көңүл бөлбөй, баарылап "стадион", "ат майдан" деп кыйкырышты. Бирок аткаминерлердин бири да жаңы ат майдан курулаары тууралуу же азыркы ипподромду кеңейтип, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрү тууралуу күйөрмандардын көңүлүн жубатуучу эч нерсе айткан жок.