Ооганстандын Кабул шаарында жардыруудан 6 адам каза болду

Ооганстандын Кабул шаарынын батыш тарабындагы Карье Сахи аймагында жардыруу болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда 6 адам каза болуп, 23 киши жаракат алды.

Адам өмүрүн алган бул жардыруу эл Нооруз майрамын майрамдап жаткан учурда орун алган. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жаракат алгандардын арасында балдар бар экенин айткан.

"Интерфакс" басылмасы АКШнын Ооганстандагы элчилиги мурдараак Нооруз учурунда өлкө аймагында жардыруу болушу мүмкүн деп жарыялаганын жазды.

2018-жылдын ноябрында дагы Кабул шаарында жан кечти өзүн жардырып, анын кесепетинен 50гө жакын адам каза болуп, 70тей адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан