реклама
super.kg logo

Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин окуясы. Иш дале сотко өтө элек

 

Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин окуясы боюнча топтолгон материалдар облустук прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча тергөө иштери толук аяктап, дайындалган экспертизалардын жыйынтыктары да чыккан.

"Тергөө иштеринин алкагында маркумдун күйөөсү, кайненеси, кийин кошуналары да суракка алынган. Кайненеси менен күйөөсү аны өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткириши мүмкүн делип, тиешелүү экспертиза да дайындалган. Топтолгон материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилген. Алгач келинди дайынсыз жоголду деп арыз жазылган, анын жансыз денеси табылгандан кийин дайынсыз жоголгондугу боюнча иш жабылган. Ал эми кийинки жаңы жагдайлар боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Прокуратура топтолгон материалдарды карап чыгып, ишти сотко өткөрүш керек болчу. Январь айында айрым мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилгени боюнча да тактоолор болуп, иш сотко өтөт", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, келиндин жансыз денеси өткөн жылдын 3-ноябрь күнү Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан табылган. Келин 2-ноябрь күнү күндүзгү саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Окуядан кийин маркумдун атасы анын өлүмүнө кудагыйын күнөөлөп чыккан болчу.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
22.03.2019. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
13-11-2017
Соӊку аракети:
26-05-2019 18:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тергоочунун чонтогу толбой аткандыр да .
22.03.2019. 23:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-06-2014
Соӊку аракети:
26-05-2019 22:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-2
Туура эле камака алганга негиз жок,шектуулор оз олкосундо жашап жатат Жана тергоо буткончо эч жака чыгып кетпеш керек, качан тергоочу тергеп бутуп делону берген де чечим чыгат подстражу камака алынсын деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126867;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: