SUPER TV: Актан Рыскелдиев менен Чыңгыз Султановдун тиреши. Кимиси 500 литр максым утуп алды?

SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн бул жолку каармандары - актёрлор Актан Рыскелдиев менен Чыңгыз Султанов. Алар мурунку берүүнүн катышуучулары калтырган тапшырма боюнча көчөдө суусундук сатып жарышты.

Шарт боюнча алар максым, чалап саткан сатуучулардын ордуна отуруп, өздөрүнө кардар чогултушу керек. Кимиси көп кардар чогултуп, көп акча тапса, жеңүүчү аталат. Ал эми жеңүүчүгө 500 литр максым белекке берилет.

Актёрлор өздөрүнө берилген тапшырманы канчалык деңгээлде так аткарышканын жана кимиси жеңүүчү аталып, 500 литр суусундук утуп алганын төмөндөгү видеорепортаждан көрө аласыз.


кошулду
Актан Рыскелдиев менен Чыңгыз Султановдун тиреши. Кимиси 500 литр максым утуп алды?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан