Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан жабыркагандардын саны 640 адамга жетти, 47 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазууну улантууда.
"Кытайдын күн чыгыш тарабында жайгашкан Яньчэн шаарындагы химиялык заводдогу бүгүн орун алган жарылуудан каза болгондордун саны 47 адамга жетти. 90 адамдын абалы өтө оор бойдон калууда. Кооптуу аймактан 4 миңге жакын адам эвакуацияланды. Жакынкы аймактагы мектеп жана бала бакчаларда иш токтотулду", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин белгилүү болгондой, өрттү өчүрүүгө 192 өрт өчүрүүчү унаа жана жакынкы шаарлардан 930 аскер кызматкери чыккан. Башта жарылуудан 44 адам каза болгону айтылган. Жарылуу катуу болгондуктан өлкөнүн сейсмологиялык башкармалыгы билдиргендей, заводдун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.