Сауд Арабияда өткөн "Көчмөндөр ааламы" фестивалынын алкагында этно шаарчага Кыргыздан барган өкүлдөр 120 боз үй тигишти. Бул тууралуу Этно оюндардын бүткүл дүйнөлүк конфедерациясы билдирди.
Боз үйлөр алдыңкы кол өнөрчүлөрдүн эмгеги менен жасалып, андагы уюштуруучулардын кызыгуусун жаратты. Өзгөчө ысык учурда боз үйдүн ичи салкын болорун көргөн чет элдиктер бир чети таң калып, экинчи чети суктанышты. Алар оюндар өткөрүлгөн аянттын борбордук бөлүгүнө орнотулуп, этно шаарчага кооздук тартуулады.
Буга чейин маалымдалгандай, аталган иш-чарага Кыргыздан миңден ашык маданият өкүлдөрү, спортчулар катышты. Фестивалдын жүрүшү жөнүндө бул шилтемеден окуңуз.