КРнын Куралдуу күчтөрүнө караштуу башкы штабынын Асман чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн (АЧКК) түзүлгөнүнө быйыл 7 жыл толот. Анын 7 жылдыгы 27-июлда Бишкектеги 23 565-аскер бөлүгүнүн аймагында салтанаттуу иш-чара менен белгиленет. Салтанатка АЧККнын жалпы жамааты, Бишкек гарнизонунун аскер кызматчылары, шефтикке алынган республикалык дүлөй-дудук балдардын атайын мектеп-интернатынын окуучулары жана Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери Ооган, Баткен согуштарынын катышуучулары чакырылган. Кошумчалай кетсек, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун клубунда Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын арасында бильярд боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Анын жеңүүчүлөрү ушул салтанатта сыйланат.