Бишкектеги эски автобазадан адамдын жансыз денеси табылган. Шектүү катары эки бала кармалды

23-март күнү эртең менен Тоголок Молдо жана Ташкент көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски автобазадан болжолдуу түрдө 30-35 жаш курактагы кебетеси азиялык болгон бир адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун денесин кароодо киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган факт ошол күнү Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" менен бирдиктүү реестрге катталып, экспертиза дайындалган.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыш ишине шектүү катары 19 жаштагы Л.Н. жана 18 жаштагы Р.П. аттуу эки адам кармалды. Алар учурда шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kalnazarov89
2019-03-25 18:11:54
Супер инфо корсоткуло беттерин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан