"Бабановдун айткан сөзүндө эки элдин кастыгын жаратуу жок деп айткан эксперттер иштен бошотулган" дейт укук коргоочу Рита Карасартова

21-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Республика-Ата Журт" фракциясынын айрым депутаттары Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкенин маалымдаган. Анда ал Бабанов өлкөгө кайтып келүүнү пландап жатканын айткан. Ошол эле күнү Өмүрбек Бабанов интернет аркылуу кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазды.

Андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат деп билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "УКМК Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе жоопко тартылат деди. УКМКнын Бабанов тууралуу билдирүүсүндө саясий куугунтуктун белгиси байкалабы?" деген собол салды.

Укук коргоочу Рита Карасартова Бабановдун президенттик шайлоодо айткан сөзүнө эксперттердин баасы берилгенин белгиледи.

“УКМК Өмүрбек Бабанов мыйзамдын чегинде жоопко тартылат деп айтты. Анын саясатчы катары айткан сөзүндө "экстремисттик, эки улуттун ортосунда кастыкты жаратуу барбы?" деген суроого эксперттер жооп беришкен. Эксперттердин тобундагы аттуу-баштуу профессорлор “бул кадимки эле кыргыздын күндө колдонулуп, сөздөрдү кооздоп кошкон макал-лакаптардын бири, эч кандай кастыкты жаратуу жок” деп билдиришкен. “Эки элдин кастыгын жаратуу жок” деп жооп берген профессорду Кыргыз улуттук университетинен жумуштан кетиришкен.

Экспертиза кастыкты жаратып жатат же жаратпай эле деген эки сөз менен аныкталбайт. Ар бир эксперттин “ооба же жок” дегенинин артындагы далилин көрсөтүү керек. Ал эми биздин экспертиза “ооба бар чакырык, жок чакырык” деген тейде иштеп жатып, канча деген кишилер камалып кетти.

Комиссия мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Бабановдун айткан сөзүндө “эки элди козуткан чакырык бар” деп жооп беришкен. "Чакырык жок" деген эксперттерди жумуштан алып салышканы саясий куугунтук экенин билгизет. Ал эми УКМК экспертизанын корутундусуна таянып, “Өмүрбек Бабанов жоопко тартылат” дегендей айтты. Эксперттердин жообун өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына ылайыкташтырып, бул жаатты да бийлик колуна кармаганы жатат”, - деди Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Марлен Маматалиев, Максат Сабиров, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан