Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков Бабановду жоопко тартууга негиз жок экенин айтты

21-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Республика-Ата Журт" фракциясынын айрым депутаттары Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкенин маалымдаган. Анда ал Бабанов өлкөгө кайтып келүүнү пландап жатканын айткан. Ошол эле күнү Өмүрбек Бабанов интернет аркылуу кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазды.

Андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат деп билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "УКМК Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе жоопко тартылат деди. УКМКнын Бабанов тууралуу билдирүүсүндө саясий куугунтуктун белгиси байкалабы?" - деген собол салды.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков Бабановдун күнөөсү болсо сот аныкташы керек деген пикирде.

“Бабановго каршы козголгон кылмыш иштерди айтсак, анын Он Адырда айткан сөздөрү боюнча экспертизанын жыйынтыгында "касташуу жок" деп жазылат. Экинчи маселе “бийликти басып алууга даярдык көрүү" жана "массалык баш аламандыкты уюштуруу" боюнча кылмыш иши Канат Исаевдин ишине байланыштуу болгон. Учурда Исаев бошотулду. Менин оюмча, Бабановду камоого, жоопко тартууга негиз жок. УКМКнын Бабанов жоопко тартылат дегени туура эмес. Анткени ал кишинин күнөөсү болсо сот аныкташы керек. Мурунку бийлик Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровду, бир топ адамдарды жасалма күнөөлөр менен камап койгон. Азыркы президент мындай жолго барбайт го деп ойлойм”, - дейт Жоробеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Марлен Маматалиев, Максат Сабиров, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан