Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 3 аптадан бери жылдырылууда

Экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму 3-апрелге жылдырылды. Соттук отурумдун жылдырылуусуна судья өзүн жакшы сезбегендиги себеп болгон. Бул тууралуу Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев SUPER.KG порталына билдирди.

Кийинки соттук отурум Ленин райондук сотунда 3-апрелде саат 10:00дө уланат.

Экс-мэрлердин соттук отуруму 3 аптадан бери жылдырылууда. Буга чейинки өткөн соттук отурумдар ачык деп жарыяланып, Кулматов менен Ибраимовдун жакындары, тарапташтары жана журналисттер соттун имаратына топтолуп, бирок айрымдары залдын тардыгына байланыштуу сыртта калышкан. Сот отурумун өткөрүү үчүн эч кандай тиешелүү шарттар каралбаганына айыпталуучулардын жактоочулары нааразы болгон.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.

Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала башталды. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан