ЖЫЛНААМА, 31-МАРТ: "Оо, Кудай, кандай гана мырза!" деген хит ырдын аткаруучусу орусиялык ырчы Натали 45 жашка толду

Орусиялык ырчы Натали 45 жашка толду. Ал Орусиянын Нижегородск облусунун Дзержинск шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Наталья Анатольевна Миняева (Рудина). Репертуарындагы ырлары – "Деңизден соккон жел", "Алгачкы сүйүү", "Сүйүп калба", "Оо, Кудай, кандай гана мырза!" жана башкалар.

Наташа орто мектепти аяктаган соң апасынын кеңеши менен педагогикалык училищеге тапшырып, мугалимдик кесипке ээ болот. Бир канча жыл башталгыч класстарга сабак берип, агартуучулук менен алпурушуп жүрүп, акыры ырчы болуу тилеги тынч койбойт. Анткени окуучулук кезде "ырчы болом" деп апасынын жанын койбой, музыкалык мектепти аяктаган да жайы бар эле. 1991-жылы жергиликтүү "Шоколадный бар", андан соң "Поп галактика" аттуу топтордо ырчылыкты аркалай баштайт. Өзү ыр жазып, обон жаратып, канчалык аракет кылбасын, топтун курамындагылардын көлөкөсүнөн чыга албай коёт. Атактуулукту жалгыз багынткысы келген ал жеке ырчы болом деп Москвага жол тартат.
Бир топ жылдан кийин гана Натали деген ат менен Москванын сахналарын багынта баштаган. Анын атын далайга тааныткан чыгарма "Деңизден соккон жел" деген ыры болгон. Дал ушул чыгарма 90-жылдардагы хит ырлардын катарын толуктап, музыкалык чарттардын сап башында көпкө кармалган.
Андан кийин бир нече ырларды жаратканы менен ийгилик жылмайган эмес. 2013-жылы "Оо, Кудай, кандай гана мырза!" деген ырын чыгарып, ал хитке айланган.

Үй-бүлөлүү. Жолдошу Александр Рудин. Арсений, Анатолий жана Евгений аттуу уулдары бар.

31-марттын жылнаамасы.

Натали - О Боже, какой мужчина !
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан