super.kg logo

Экс-мэр Албек Ибраимовдун жубайы: "Соттук отурум тар залда өтүп, тарапташтар кирбей сыртта калып жатышат"

 

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда иши каралып жаткан Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова соттук отурумдун улам сайын жылдырылып жатышына нааразы.

"Соттук отурум өтүп жаткан зал өтө тар болуп жатат. Эми 14 айыпталуучунун ар биринин жок дегенде бирден жакыны келгенде да батпайт. Зал деген конвойлорго эле толуп калып жатат. Ар бир соттолуучуга үчтөн конвой турат. Эми эсептеп көрүңүз. Ал эми залдын тардыгынан биздин жакындар жана башка тарапташтар сыртта кирбей калып жатышат. Биздин жолдошторубуздун карып калган апалары да келип жатат. Жок дегенде алар отурганга орундук болушу керек да. Мындан улам биз ар бир отурумда кененирээк зал сурап келебиз, бирок биздин сураныч канааттандырылбай келет.

Ал эми соттук отурумдун апта сайын жылдырылышын түшүнбөй деле калдым. Бүгүнкү отурумда биз залга кире албай жатканда судья чечимди чыгарып, биз киргенде аны окуп коюп кетип калды", - деди нааразы болгон Айнура Ибраимова.

Буга чейин соттук отурум 10-апрелге жылдырылганын билдиргенбиз. Анын себебин судья 3 жактоочу башка жактагы соттук отурумда болуп жатканы менен түшүндүргөн.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
03.04.2019. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
18-06-2019 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
Убагында жыргап аялдарынарды карабай! Жаштар мн ойношот аягында баягы еле аялы куйугуп чуркаган!
03.04.2019. 12:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
06-08-2018
Соӊку аракети:
18-06-2019 07:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошогода шүгүрде төрт кишилик камерада өтпөгөнүнө аз калды ал күнда алыс эмес камерада өтөт жакында по черному
03.04.2019. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
13-11-2017
Соӊку аракети:
14-06-2019 00:08
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кенен жерде жыргап журушту го чалчактап,эми тар жерди да корсун!Тим эле айдан тушконсуп ,ушулар куйгузду,Ошончолук тар жерде тыгылып ,канча уй було жашап атканын силер тушунордо да корбосонор керек.Бир саатка эч нерсе болбойт,чыдашат ХХХХХ!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-03 13:24:09
03.04.2019. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
158
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
17-06-2019 14:42
Жынысы:
Белгисиз
+4
Зал тардык кылса Албектин бир канча гектар жерине алып барып откоргуло!Конгонсунор да гектар гектар жерлерде гойколо басып.
03.04.2019. 14:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
18-06-2019 09:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жээнбековтордун дагы камалаар малы келет. Эл Жээнбековко ишенбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
127735;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: