Бишкекте элди тамашага салуу үчүн "адам уурдаган" жарандар кармалды

Борбор калаада элди тамашага салуу үчүн "адам уурдаган" жарандар кармалганын Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 1-апрель күнү саат 22:30 чамаларында "102" кызматына Гоголь жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 3-4 адам бир жаранды күч колдонуу менен "Мерседес Бенц" унаасына салып кеткени боюнча маалымат түшкөн. Бул факты реестрге Кылмыш-жаза кодексинин "адам уурдоо" береси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Мунун негизинде Бишкек шаарында "Перехват" планы жарыяланып, шаардык милициянын тийиштүү кызматы жана Свердлов РИИБинин Криминалдык кызматы издөө иштерин жүргүзүп баштаган. Жыйынтыгында 18 жаштагы Т.Н. жана 17 жаштагы С.У., М.А., Т.Т., С.С. аттуу жарандар кармалышты.

Маалыматтарга караганда, алар көчөдөн өтүп бара жаткан элди тамашага салуу үчүн алдын ала пландап өздөрүнүн досун уурдашкан. Учурда чын-төгүнүн аныктоо максатында Свердлов РИИБи тарабынан тергөө амалдары улантылып жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar_6052
2019-04-03 21:33:53
оюндан от чыгыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан