Кытайда клондолгон итти машыктыруу башталды

Кытайдагы SinoGene биотехнологиялык компания полиция кызматкерлеринин клондолгон иттерин сатыкка чыгарууну көздөп жатат. Бул тууралуу журналисттерге ишкананын башкы директору Чжао Цзяньпин билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында клондолгон алгачкы иттер машыгуудан өтүп жатышат.

Клондоонун негизинде алгачкы күчүк SinoGene компаниясынын лабораториясында 2018-жылдын соңунда жаралган. Ага Куньсюнь деген ат коюлган. Белгилүү болгондой клондоо үчүн ДНК полициянын итинен алынган.

"Куньсюнь кызматтык иттердин базасында машыгуудан өтүп жатат. Ал жаңы нерселерди жакшы өздөштүрө аларын көрсөтүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетүүдө", - деп билдиришкен ишкананын өкүлдөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sakubek
2019-04-03 21:40:57
Сулуу кыздарды кооп кылып клондоп койгула да
+5
Medina87
2019-04-03 22:32:48
Кытайлар неге бири бирине аябай окшош десе адамдары деле клондолот окшойт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан