super.kg logo

Дарыгерлер эненин ичинде жаткан түйүлдүктү өлүп калган деп ойлоп, төрөт учурунда башын оюп алышкан. Бала эки сааттан кийин тирүү экени белгилүү болгон (абайлаңыз, сүрөт)

 
Учурда башындагы жараты тигилди
Төрөлгөн учурда тартылган сүрөт
Төрөттөн кийин бутун күйгүзүп алышкан

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы төрөт үйүнүн дарыгери эненин ичинде тирүү жаткан түйүлдүктү өлүп калган деп ойлоп, төрөт учурунда ымыркайдын башын оюп алышкан. Бирок эки сааттан кийин баланы өлүк сактоочу жайга алып баруу үчүн жуунтуп жатканда анын тирүү экени белгилүү болгон.

Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 4-апрелде ымыркайдын апасынын кайын сиңдиси Эсенгүл Бакытбек кызы кабарлады.

Анын айтымында, ымыркай энеси менен бирге, учурда Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" борборунда жатат. Анын башындагы жараты тигилип, азыр абалы жакшы. Төрөлгөн учурда салмагы 4 килограмм 530 грамм болгон.

"Төрөткө чейин эне менен түйүлдүктүн абалы жакшы болгон. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турушкан. Жеңем төрөө үчүн 18-март күнү эртең менен Токтогул шаарындагы төрөт үйүнө келген. Бирок гинекологдор саат 18:00 чамаларына чейин төрөтө албай жеңемди кыйнап коюшкан. Кийин гинеколог баланын жүрөгүн тыңшап "түйүлдүк өлүп калды, эми аны кескилеп чыгарууга кол коюп бергиле" деп ата-энесине айтат. Андан кийин апам барып экспертизага берүү үчүн кесарево жолу менен чыгарып алгыла деген. Ошондон кийин дарыгерлер энеге наркоз берип, баланы операция жолу менен алып чыгышкан. Ымыркай ошол учурда ыйлабагандыктан чындап эле өлүп калыптыр деп ойлогонбуз. Андан кийин эки саат убакыт дарыгерлер ымыркайга өлүк баладай эле мамиле кылышкан", - деди Бакытбек кызы.

"Медайымдар ымыркайды жуунтуп коёлу деп сууга салышканда ал ыйлап жиберген. Ымыркай өлгөн эмес экен. Жуунткандан кийин баланын башы төрөт учурда курч буюм менен оюлганы жана тизеси күйүп калганы белгилүү болду", - деди Бакытбек кызы.

Белгилүү болгондой 3 күндөн кийин баланы Бишкекке алып келишкен. Алар "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирүүгө кеткен чыгымды өз каражатынан коротушкан.

"Биз "Тез жардам" унаасын бергиле Бишкекке алып баралы" деп айтып, эч кандай жардам ала алган жокпуз. Мындай кырдаалда мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлбөйт экен. Жыйынтыгында 25 миң сомго жакын акчага жеке менчик "Тез жардам" унаасын чакырып, жеңем менен баласын Бишкекке алып келдик. Азыр дарыгерлер башындагы жаратын тигип коюшту. Абалы жакшы болгону менен өз алдынча эмчек эме албайт. Бөтөлкө аркылуу тамактанып жатат. Эми азыр ошол төрөттү кабыл алган гинеколог чыгымды төлөп берейин деп кайрылып жатат. Бизге анын акчасынын кереги жок, болгону мындай нерселерге кайра жол бербөө үчүн жазасын алуусун талап кылабыз", - деп кошумчалады Бакытбек кызы.

Токтогул шаарындагы төрөт үйүнүн өз атын айтуудан баш тарткан гинекологу жогоруда айтылган маалыматтар чындыкка туура келбей турганын билдирди. Анын айтымында, ымыркайдын башындагы жарат төрөт учурунда баланы тартып алуучу аппараттан улам пайда болгон.

"Ымыркайдын башын оюп койду" дегени туура эмес. Төрөт учурунда бала чыга албай калганда атайын аппарат менен тартып алууга туура келет. Эгерде аны менен төрөт ийгиликсиз болуп калса операция жолу менен баланы алып чыгабыз. Биз айтып жаткан ымыркайды да операция жолу менен эле аман-эсен төрөттүк. Учурда абалы жакшынакай, эмчек эмип жатат. "Дарыгерлер ымыркай эненин ичинде өлүп калганын айткан" деп жатышканы да чындыкка туура келбейт. Себеби ымыркай тирүү экенин билгенбиз", - деп жооп кылды гинеколог.

Учурда бул үй-бүлө тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз жазылды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(35)
04.04.2019. 22:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
350
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
19-04-2019 12:14
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бизде азыр акча акча жана акча адам жаны зарыл эмес болуп калды озу жазасын берсин ошол гинеколог тун.
04.04.2019. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
306
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
19-04-2019 11:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+17
Шалаакылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгош керек.
04.04.2019. 22:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
19-04-2019 20:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Germany
+11
Ээ АЛЛАХЫМ жаш бала менен энеге өзүң жардам бер...
04.04.2019. 22:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
18-04-2019 22:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
Былтыр менин кайын синдимди да Токтогулдун гинеколог врачы туура эмес дарылай берип ичи ириндеп,гемоглабин 60ка тушуп кыйналып баса албай калганда келген шаарга. Ошондо да направление аран жазып бериптир. Акыры аягы онкологияга жатып операцияны которо албайт дешип врачтар кан куюшуп АЛЛАнын жардамы менен жакшы болгон. Операциядан кийин да оноло албай аран жакшы болду. Токтогулдун врачтары негизи эле начар кайдыгер мамиле кылышат. Адам омуру менен ойношот дээрлик баары эмес арасында ушундайлар ба
Nurkyz1977 түзөттү 2019-04-04 23:02:53
05.04.2019. 03:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
19-04-2019 20:23
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nurkyz1977,туура. Зам.глав.врач консультацияга 200 сом алган. Бирок жакшы кенеш берген эмес. Орой мамиле жасашат.
04.04.2019. 22:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
694
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
19-04-2019 20:23
Жынысы:
Белгисиз
+15
Колун сынгыр шалтуруктар
04.04.2019. 23:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
19-04-2019 21:25
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым шыпа берсин энегеда балагада.ымыркайды кыйнаптыр гинекологтун шалакылыгынан болуп жататда Оз жазасын алсын.врачтарга азыр акча эле болсо болду акча берсен жакшы карайт болбосо кайдыгер мамиле кылышат.баардык эле врачтар ошондой дегенден алысмын арасында жакшылары сен учун чын журогунон куйгонуда бар
Saliman түзөттү 2019-04-04 23:28:10
05.04.2019. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
08-03-2018
Соӊку аракети:
19-04-2019 16:32
Жынысы:
Белгисиз
+9
Онанып кетейин балапан десе, Аллах шыфаа берсин.
05.04.2019. 00:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
24-04-2018
Соӊку аракети:
18-04-2019 23:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иштей албасанар колуңардан келбесе не иштеп айлык алып анысы аз келгенсип акча аласынар .Адамдар өмүрү мн күрөшүп жатса бул не деген кайдыгерлик өзүн ишин сүйгөн башка адамдарга орун бергиле . Адамдын жанын сыздатып кашайтпагыла .
05.04.2019. 00:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1271
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
19-04-2019 16:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
+4
Короор куну бар экен бобоктун.
Омуру узун, ырыс-кешиктуу, ата-энесине куйумдуу, Кыргыз элимдин керегине жараган азаматтардан болсун!! (Эне катары суротту коруп алып ыйлагым келди).
Ушул ымыркайдын жанын кыйнаганы учун ошол торотту кабыл алган ГИНЕКОЛОГ жазалансын!!!
05.04.2019. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
19-09-2010
Соӊку аракети:
18-04-2019 08:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия, Томск
+3
Бутунун куйгонун эмне дейт болду экен эми бул гинеколог
05.04.2019. 00:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
18-04-2019 21:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш балакай Аллах Таалам шыпаа , омур , чын ден соолук берсин ! Акыл эстуулордон болуп чоной ылайым !
05.04.2019. 01:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
22-02-2018
Соӊку аракети:
19-04-2019 13:23
Жынысы:
Белгисиз
+4
Врачтардын куноосун далилдеш эн кыйын прцесс болуп эсептелет.
05.04.2019. 02:52 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-03-2019
Соӊку аракети:
19-04-2019 19:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай ката кетирбоо учун айланайын окуп жаткандар жакшылап окугулачы Бекер эле убакытынарды Бир балееге кетирбей
05.04.2019. 03:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
23-05-2016
Соӊку аракети:
19-04-2019 21:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол нерсеге бизда куноолубуз.дипломду сатып алып беребиз балдарга мына акыр аягы.коп нерсеге жазгвн Келет....
05.04.2019. 07:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
969
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
19-04-2019 11:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
+1
Коопсуз шаар деп көчөлөргө камера койгон сыяктуу, больница, поликлиникалардагы ар бир бөлмөгө видеокамера коюш керек. Кичине ни то мамиле кылганын сураксыз камаш керек. Ошондо биздин врачтар оңолбосо башка жол менен оңолбой калышты го (((
05.04.2019. 09:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
19-04-2019 23:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+1
Жаным десе ((((Айыгып кетсин бөбөк.
05.04.2019. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
19-04-2019 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкушум десе айыгып кетишин тилейбиз
05.04.2019. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
17-04-2019 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллаh ата энесине сабыр берсин. Наристеге шыпаа берсин. Ал эми дарыгерлерге сөз жок.
05.04.2019. 11:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
21-10-2014
Соӊку аракети:
19-04-2019 17:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
ден соолук коопсуздугун уюштуруу керек, Аллахтан коркпогондорго, камера коюш керек
05.04.2019. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
19-04-2019 14:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
+2
Суроттору мн далилдер кашкайып корунуп турса да, аман-эсен торотуп алганбыз деп жанын жейт го. Даарыгер эмес эле жан алныч болуп баратышат. Жакшы врачтын баары орустардын клиникаларында отурат. Кыргызстанда бут диплом сатып алгандар калды. Жазасын алсын, супер кабардар болуп тургула аягына чейин!
05.04.2019. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
07-04-2016
Соӊку аракети:
19-04-2019 21:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Врач менен касапчынын кесиби алмашып калган сыяактуу
Наристеге куч кубат узун омур ден соолук берсин чонойуп акылдуу бала болуп ошол врачын сени коргондо коркуп олсун акмак
05.04.2019. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
19-04-2019 23:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттолсун акмактар
05.04.2019. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
05-08-2018
Соӊку аракети:
19-04-2019 22:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омуру узууун болсун кичинекейдин .
05.04.2019. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
24-12-2018
Соӊку аракети:
18-04-2019 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии жаным иий жаным.... Шалаакы акушерлер жазанарды Аллахым ото катуу берсин
05.04.2019. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
559
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
19-04-2019 21:03
Жынысы:
Белгисиз
+3
Макул оюп алган эмес анда бала чыкпай жатса анда тартып алуучу апарат менен тируу жанды ошентип-чыгарса болобу?! Эмнеге журогу сокпой жатат деп кескилеп чыгарууга кол коюп берет??? Чындыгында шалтурук врачтар экен! Крдан негизи коп нерсени кутсо болот,кучтуу билимдуу жаштар давно чыгып кетти чет олкого,жакшы жумуштарда! Окууга акча берип окуп буткон кесип ээлери иштеп жатат! Врачтарда ошо паспорт столго барсан аларда ошо мен озум эле кызымдын куболугун туура жаздырып алалбай койдум ката жазышат
05.04.2019. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
559
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
19-04-2019 21:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жалдырашат кайра кайра алмагтыра албайбыз жогору жактан соз угабыз деп,бир эки айдан кийин кел деп! Эне балага ден соолук каалайм! Ден соолукта чонойсун бобок!
05.04.2019. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
05-01-2019
Соӊку аракети:
19-04-2019 21:05
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ десе. Өзүлөрүнүн башын ушинтип ХХХХ. Акмактар
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-05 13:54:02
05.04.2019. 15:05 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
19-04-2019 14:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии журогум.байкуш айыгып кетсин.
05.04.2019. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-07-2012
Соӊку аракети:
19-04-2019 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла шыпасын берсин
07.04.2019. 08:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
384
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
19-04-2019 10:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоопко тартылсын..малдардын врачы жакшы силерге караганда олсо да аяр мамиле кылышат..Акушер эмей эмей эле ХХХ го..жооп берсин эми..кылган ишине..
.
Модератор admin_kinozal түзөттү 2019-04-07 09:13:29
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: