super.kg logo

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу департаментинин директору өлкөнүн 386 айылында ичүүчү суу жоктугун айтты

 

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев өлкөнүн 386 айылында ичүүчү суу жоктугун айтты. Бул тууралуу ал өкмөттүн жыйынында билдирди.

"Азыркы тапта өлкөнүн аймагында 1819 айыл бар. Алардын ичинен 267 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму 1960-жылга чейин курулган. Ал эми 386 айылда таптакыр жок. Анын маалыматы боюнча, айыл жергесинде калктын 35,5 пайыз ичүүчү суу менен тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес", - дейт ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Анын айтымында, 2001-жылдан 2011-жылга чейин 533 айылда суу менен камсыздоо объекттерин реконструкциялоого 70 миллион доллар жумшалган.

"Учурда 57 айылда суу менен камсыздоо объекттеринде кайра оңдоо жүрүп жатат. Бул коррупциялык механизмдердин бар экендигин айтып турат. Эски түтүктөрдү орнотуу фактылары бар жана бул үчүн эч ким жоопкерчилик албайт. Сапатсыз материалдарды пайдалануу бизди кайрадан оңдоого мажбур кылууда", - деди Абылгазиев.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.04.2019. 08:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
23-04-2019 13:45
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ар кайсы жерге МЕЧИТ салгандын ордуна таза суу чыгарсанар элдин ден соолугуна пайда. Мечит салгандан жашоо шартыбыз эч онолбойт. Мечиттер кыргыз жаштарын арабташтыра турган борборго айланып калган.
erlan2196 түзөттү 2019-04-08 08:49:20
08.04.2019. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
09-03-2018
Соӊку аракети:
23-04-2019 13:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Мечиттерге барып сыйынып коюуудан элдин маселеси чечилип калбайт. Андыктан каражаттарды Мечиттерге жумшабай социалдык маселеге жумшагыла.
08.04.2019. 12:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
23-04-2019 17:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар!
Мечит салганга мен мусулман катары каршы чыгалбайм, туура бул жонундо пагаймбарыбыздын хадистери да бар.
Бирок азыр мамлекетибизге Кудайга шугур мечиттер жетиштуу.
А бала-бакча, мектеп, оорууканаларыбыз аябай эле жетишсиз, жолдорубуздун абалы мышык ыйлагыдай болуп турат. Мектеп, жол салууну да модага айландырсак жакшы болмок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125534;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: