Ысык-Көл облусунда БМВ жана Фольксваген Гольф-3 унаалары бетме-бет сүзүшүп, 3 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 5-апрель күнү саат 16:35 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда катталган.
"30 жаштагы Түп районунун тургуну өзүнүн Фольксваген Гольф-3 унаасын айдап бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан БМВ унаасы менен сүзүшкөн. Аны Бишкек шаарынын 40 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Кырсыктан эки унаанын айдоочулары жана 5 жаштагы бала Балыкчы шаардык оорукананын жандандыруу жана сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.