super.kg logo

Бажы кызматынын өкүлү: "Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында абал туруктуу, саатына 9 жүк ташуучу унаадан өткөрүлүүдө"

 

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анда үчүнчү мамлекеттен келген товарлардын Кыргыз мамлекетине кирүүсү боюнча маселе каралууда.

Жыйында депутат Руслан Казакбаев Кыргыз мамлекетине аткезчилик жол менен товарлар кирип жатканын айтты.

"ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн ичинен Кыргыз мамлекети экинчи сорттобу? Анткени Орусия биздин аткезчилик менен келген товарларды киргизип жатасыңар деп айыптоо коюп жатат. Биз аларга жооп кайтарышыбыз керек же "ооба" киргизип жатабыз деп моюнубузга алышыбыз зарыл. Эмнеге көзөмөл жок? Орусия менен Беларустун чек арасынан кабар албайсыңарбы? Мүмкүн алар деле аткезчилик менен келген товарларды киргизип жаткандыр. Мына ушундай болуп жаткандыктан Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал жаралып, 300дөн ашык унаа өтө албай турду да", - деди эл өкүлү.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Султан Мамасадыков Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекте турган 300дөн ашык жүк ташуучу унаанын 131и калганын айтып, саатына 9 унаадан өткөрүлүп жатканын билдирди. Мындан тышкары аталган чек арадагы кырдаал туруктуу экенин кошумчалады.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125534;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: