super.kg logo

Акыйкатчы УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды

 

Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жогорку Сотту, Бишкек шаардык сотун Марат Суталиновдун ишин адилет кароого чакырды. Ошону менен катар эле аны абактан бошотууну суранды. "Акыйкатчыга Мурат Суталиновдон арыз түшкөн. Арызда Суталинов бөйрөк рагына чалдыкканы жазылган. Буга карабастан Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан мыйзамсыз чечим кабыл алынганы айтылган", - деп жазылат маалыматта.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралып, Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркаарын айткан.

Ленин райондук соту Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тарткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.04.2019. 09:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
254
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
23-04-2019 17:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бошоткула да, Батукаев дале кетти го.
09.04.2019. 10:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
639
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
23-04-2019 20:46
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таза Батукаевди өлөт деп бошотуңар эле, генералды жок жерден оорулуу кылдыңар кебетесинен көрүнүп турбайбы акыбалы бошотуп койгула да.
09.04.2019. 11:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
23-04-2019 17:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыйкатчыга сунуш:
-Озунуздун тарапташтарынызды, табакташтарынызды бошотууну сурана бербей, Текебаев, Садыр Жапаровтун абактан бошотулушун да суранып коюнуз адилеттуулук учун
Ysakov_Nur түзөттү 2019-04-09 11:15:45
09.04.2019. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-08-2018
Соӊку аракети:
23-04-2019 20:26
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оа бошотсо бошотсун баягы митингке чыккан элге көрсөткөн жерин ХХХХ бошотуп жиберсин өмүр бою бийликте турам деп ойлогонда бул байкуш
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-09 13:25:02
09.04.2019. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
10-04-2019 00:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев менен Садырды бошоткула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125534;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: