super.kg logo

Кирешеси 17 миллион, чыгашасы 24 миллион сом. Абалына мышык ыйлаган Спорт ордосу качан оңдолот?

 

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосун оңдоо боюнча бир канча ирет маселе көтөрүлүп келген. Жакында Орусиядан келген гитарачы Николай Сарабьянов аталган жайдын абалын тартып алган видеону интернетке жүктөп, кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүк интернет колдонуучулары ижарадан түшкөн каражат аркылуу деле имаратты оңдоп коюуга боло турганын белгилешүүдө.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев SUPER.KG'ге Спорт ордосу боюнча суроолорго жооп берди. Анын айтымында, ижара акыдан жылына 17 миллион сом түшкөнү менен чыгашанын көлөмү 24 миллион сом.

"Концерттердин билет баасы кымбат, ал кайда кетип жатат?" деген суроолор жаралууда. Спорт ордосу концерт өткөрүлөбү, көргөзмө-жарманке уюштурулабы баарына өкмөт тарабынан бекитилген баа менен ижарага берилет. Алар билетти канчадан сатат, биз ага кийлигише албайбыз. Бирок спорттук иш-чаралардан ижара акы алынбайт. Башкача айтканда, мамлекеттик мекеме болгондон кийин киреше табуу эмес, кызмат кылуу багытын көздөйт. Ошол нерселерди эске алганда ижара акыдан жылына 17 миллион сомго жакын акча түшүп турат. Эгерде спорттук иш-чаралардан да ижара акы алынса, киреше 30 миллион сомго жетмек. Учурда чыгашасы 24 миллион сомго жеткендиктен мамлекетке эч кандай акча түшпөйт. Бирок бир нерсени эске алып коюш керек. Себеби концерт, спорттук иш-чарага келгендер мамлекеттин мүлкү деген маңызда отургуч жана башка нерселерге кайдыгер мамиле кылышат. Бир иш-чарадан кийин эле 20-30 отургуч талкаланат. Анын баарын оңдоп, кайра калыбына келтирүү үчүн акча кетет. Ошентип чыгашанын көлөмү көп болуп жатат", - деди Султамбаев.

Ал кошумчалагандай, учурда Спорт ордосун оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча кызыкдар тараптардан каттар келип жатат.

"Аталган жай эки жыл мурун гана мамлекеттик мекеме болуп бизге өттү. Ошондон бери өкмөт тарабынан каражат сарпталат. Ал эми оңдоодон өткөрүү боюнча маселе биз тараптан көп убакыттан бери көтөрүлүп келет. Бирок ал үчүн ири көлөмдөгү каражат керек болууда. Концерттик залдын отургучтарын, полун жана шыбын оңдоо үчүн 25 миллион сом, сахнаны заман талабына ылайык жасалгалоо үчүн 18 миллион сом, андан сырткары фойе, машыгуу залына да ири каражат керек. Учурда демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө спорттук жайлар демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоодон өтөт. Учурда бизге кызыкдар тараптардан каттар келип жатат. Ал үчүн алар өз шарттарын коюшат. Тактап айтканда, имараттын кайсы бир жерине өздөрүнүн иш-аракетин жарнамалоо үчүн орун сурашат. Алар менен иштешүү үчүн биз ички документтерди өзгөртүшүбүз керек болот. Эгерде шарттар туура келип калса, сунушту өкмөткө киргизебиз", - деди Султамбаев.



Кожомкул атындагы спорт ордосун орусиялык гитарачы баракчасына жүктөдү

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(6)
10.04.2019. 01:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
223
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
17-04-2019 22:14
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жылына 17миллион киреше кирсе 2жылда 34миллион акча болот. Анын 2миллиону сынган отургучтарга кетти мейли. Эки жылдан бери эле мамлекеттик болду дегенинерге эсептеп атам. Мамлекетик болгон учун айлык акы ошол тараптан келет. Неге мамлекет кайра ошол 32миллионду кайра спорт сарайына жумшабайт. Алда бир шулуундун чонтогуно барататта туздон туз. Журот сайрандап балдары чет олкодо.
10.04.2019. 08:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
19-04-2019 23:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Накта эле аарынын уюгу го. Ошончо миллион акчага жаркыратып койсо болот эй. Жон эле соз жебегилечи.
10.04.2019. 09:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1704
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
19-04-2019 23:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу айткандай мамлекеттин мулку деп карабай акчсасын жей беришкен да.
10.04.2019. 11:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-12-2018
Соӊку аракети:
19-04-2019 23:45
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тарых музейин бутуп эми ушул калдыго ал жактан жээп бул жактан жээп качан жпрылат болду экен ?
10.04.2019. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
19-04-2019 19:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы эле тойбогон чондор
Качан бир ичинер жарылып кетет болду экен силердин,жеген акчанарды кусуп.?
10.04.2019. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
19-04-2019 19:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгойу эле ошо отургучпу??? 17 млнго шаарга отургуч алып койсо болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: