super.kg logo

Бишкектин көпчүлүк аймактарында абанын булганышы чектен ашкан жок

 

Бүгүн, 10-апрелде саат 9:00гө карата Бишкектин көпчүлүк аймактарында абанын булганышы чектен ашкан жок. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 40 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 41). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Чыгыш-5 кичи району – 21 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 26).

Көк-Жар кичи району - 21 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 26).

Кайназарова-Абдраев көчөлөрүнүн кесилиши - 18 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 20).

7-кичи район - 17 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 24).

"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: