super.kg logo

Парламентте Баткенде эмдөөдөн жабыркаган балдар тууралуу маселе көтөрүлдү

 

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова Баткенде эмдөөдөн жабыркаган балдар тууралуу маселе көтөрдү.

"Баткенде эмдөөдөн 15 бала жабыркады деген маалыматтар айтылып жатат. Ушул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги туура маалымат бербесе, эл эмдөөдөн баш тартышат. Аталган министрлик балдардын абалы тууралуу маалымат берип койсо туура болот", - дейт Орозова.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев: "9-апрелде Баткен шаарындагы №3 мектепте балдар эмдөөдөн өткөрүлүп, айрымдарынын абалы начарлаган. 7 бала ооруканага жаткырылган. 2 бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнө, 5 бала балдар бөлүмүндө жатат. 5 баланын абалы жакшы, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кечээ кечинде бир кыз жандандыруу бөлүмүнөн балдар бөлүмүнө которулду. Анын абалы орто. Бүгүн министрликте жыйын өтүп, комиссия Баткен шаарына учуп кетишти. Бул маселени адистер жеринен териштиришет", - дейт.

9-апрель күнү түштөн кийин Баткен шаарындагы №3 мектептин 5-б классында окуган окуучулары эмдөөдөн өткөрүлүп, бирок айрымдары абалы начарлап жаткандыктан ооруканага барышкан. Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова дарыгерлер эмдөө учурунда катачылыкка жол беришкенин кабарлаган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.04.2019. 13:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
23-04-2019 20:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
Эмдебесеңер мектепке албайбыз деп коркутасыңар. Эмдегениңер ушул сопсоо баланы жандандыруу бөлүмүнө жаткырган. Бул чоңдордун бизнеси чет өлкөдөн алган. Өздөрү балдарын эмдетишпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125534;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: