Эски автобус же кичи автобусту үйгө айлантып, жашап көрүүнү ойлондуңуз беле? Уктоочу бөлмө, ашкана жана башка күнүмдүк тиричиликте колдонуучу буюмдардын баары унаанын ичинде. Мындай шартта короонун көрүнүшү кандай болорун үй ээлери өзү тандашат эмеспи. Биринчи күнү көлдүн жээги, экинчи күнү талаа. Бул нерсе саякатты сүйүүчүлөр үчүн жашоо образына айланган. Кичи автобустарды жана автобустарды кыймылда болуп туруучу үйгө айлантуу укмуштуу окуяларды жактыргандар арасында жайылып жатканы бекеринен эмес.
Унааларды чакан үйгө айлантууда минимализмге көп басым жасалат. Тамак жасоо үчүн меш, шкаф, керебет өңдүү керектүү буюмдар орнотулат. Саякатчылар камсыздандыруу документи, тамак-аш жана газ алып эле жер кыдырууга чыкса болорун белгилеп келишет. Интернеттеги Vanclans баракчасы дал ушундай өзгөчө автобустарда саякат жасоону жайылтып, колдонуучуларды кызыктырып келишет.
1.
2.
3.
4.
5.
6.
7.
8.
9.