super.kg logo

Депутат айыл өкмөттөрүнө арзан баада Орусиянын Нива унааларын алып берүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов кызматтык транспорт маселесин көтөрдү.

"Аймактарды өнүктүрөбүз деп көп нерселерди айтып жатабыз. Айыл аймактардын башчылары, айыл өкмөттөрү жоор миңгичтей болуп, 10 жылдан ашкан эски транспортторду 1 күн минип, 10 күн оңдотуп жатышат. Биз бул маселени качан чечип, кантип аймактарды өнүктүрөбүз? Мен бул маселени 2-3 жылдан бери көтөрүп келем.

453 айыл өкмөтү бар, ар бири жылына 70 миң сомдон транспорттук чыгымга жок кылат. Ушул сумманын 2-3 жылдыгын чогултуп бир берсе, 10 жылга бул маселе чечилет эле. Азыр Орусия менен мамилебиз жакшы болуп калды, аларга кайрылып арзандатуу менен Нива унааларын алсак кандай болот? Аким, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн унаалары жүрбөй калды", - деди депутат.

Буга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: "Бул маселени көптөн бери көтөрүп жүрөсүз. Жакын арада чечип беришибиз керек", - деп жооп берди.

"Техника болбосо, жетекчилер иш аткара алышпайт, муну сиз жакшы билесиз да" деп кошумчалады депутат.

Жогорку Кеңештин жыйынында "Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
11.04.2019. 13:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
19-04-2019 16:22
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ар биринин Кеминде бирден менчик унаалары бар. Ошолору менен кызмат кыла беришсин. Ансыз да пайдасы жок айыл өкмөт, акимдердин. Эмне кылган кызматына алып бересиңер. Мисалы мен билген айыл өкмөттөр, акимдер баарынын жашоолору жетиштуу. Кеминде экиден унаалары бар.
BarsBaatyr түзөттү 2019-04-11 14:00:03
11.04.2019. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
348
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
19-04-2019 18:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүгүнкү парламентеги президенттин элге кайрылуусу баардык ММКда актуалдуу темага айланып талкууга алынып жатат. Бирок суперде эмнегедир түк жокко .
11.04.2019. 15:49 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
770
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
19-04-2019 20:14
Жынысы:
Белгисиз
0
stimyl.kg, саламатсызбы! https://www.super.kg/kabar/news/268789/
11.04.2019. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
244
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
15-04-2019 11:57
Жынысы:
Белгисиз
+7
С Нышанов туугандарың айыл өкмөт башчыларынан окшойт,Нива алып бериш керек дегениңе караганда.Азыркы учурда кедей адам айыл өкмөт башчы эмес,колунда бар бай жашаган адам айыл өкмөт башчы.Азыркы заманда кедей же орто жашаган адамдын үйүндө жок дегенде 2 ден автомашина бар.Аа айыл өкмөтүнүн башчысында 1 жип машина жана 3 4 жеңил автомашинасы бар.Ашыкча чыгымдын эмне кереги бар,башка зарыл маселелер бар ошолорду акча менен чечкиле.Айыл өкмөткө Нива алып берсеңер тоого охотага же тойго каттайт да.
11.04.2019. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
637
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
18-04-2019 14:09
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эң туура маселени айтыптыр,К.С.Бакиев президент болгондо баарына жаңы машина алып берген алар эскилиги жетип бүттү.
11.04.2019. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
258
Катталган:
18-05-2017
Соӊку аракети:
19-04-2019 20:32
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштнгиси келген Адам эшшек минип да иштейт
11.04.2019. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
350
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
19-04-2019 12:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми соз келгенде бул дагы суйлоп коюптур да Нива керек деп.Айыл окмоттордун жеке машиналары бар .Ал Нива алып берсенер элге эмес тоого ойногону гана иштетпесе башка жака минишпейт.
11.04.2019. 20:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
12-04-2019 23:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
10жылга жетет дейби 2жылга жетпей менчиктештирип алышат го окмотко машина берсе
11.04.2019. 22:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
22-05-2012
Соӊку аракети:
19-04-2019 20:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул депутат башынан ооруйт окшойт. Айыл окмоттор джиптерде журот го чанытып. Жок эле дегенде короосунда бир япошка созсуз болот. Ниваны булар бала-чака, тууган уругун ташытып, ойнотуп, жайлоолоп эле жок кылат.
12.04.2019. 00:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
04-12-2018
Соӊку аракети:
19-04-2019 18:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Айыл окмот башчыларын эч ким текшербей жатат.Менин баамымда аябай коп акчаларды айыл окмот башчылары жейт экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: